• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Айыл, суу чарба министрлиги GIZ жана IFAD уюму менен биргеликте семинар өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 31.03.21. /Кабар/. 2021-жылдын 29-мартында, Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги GIZ жана IFAD уюму менен биргеликте "Кыргызстандын улуттук деңгээлде аныкталуучу салымдарын жаңыртууга, мал жана жайыт субсекторлорунун салымы" аттуу семинар өткөрдү.

Аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жыйындын жүрүшүндө GIZ жана IFAD уюмунун техникалык колдоосу менен биз парник газдарынын эмиссиясынын учурдагы тенденциялары жана мал, жайыт,айыл чарба тармагы тууралуу маселелер талкууланды.

Ошондой эле, глобалдык келишимди ратификациялоо менен, Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштө дүйнөлүк коомчулукка кошулуп, парник газдарынын бөлүнүп чыгышын азайтууга милдеттендирилди.

Пикир

Оставить комментарий