• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков жамаатка тааныштырылды

Өкмөт 0

Бишкек, 04.03.21. /Кабар/. Премьер-министр Улукбек Марипов Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына министр Аскарбек Жаныбековду тааныштырды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Өкмөт башчы белгилегендей, министрлик колдогу мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, айыл чарба тармагындагы ишкерлерди колдоого алуу үчүн бардык күч-аракетти жумшоосу зарыл.

"Министрлик алдында айыл чарбаны реформалоо жана аймактарды өнүктүрүү боюнча натыйжалуу чараларды иштеп чыгуу боюнча маанилүү милдет турат, анткени, калктын басымдуу бөлүгү аймактарда жашайт", - деди ал.

Премьер-министр Улукбек Марипов ведомствонун жаңы жетекчисине жана жалпы жамаатка жемиштүү жана ийгиликтүү ишти каалады.

Пикир

Оставить комментарий