• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Айыл жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги өзбек тарапка 9 инвестициялык долбоор сунуштады

Өкмөт 0

Бишкек, 19.03.21. /Кабар/. Өзбекстан Республикасы жана Кыргыз Республикасы ортосундагы өнөр-жай кооперациясы жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча Практикалык чаралардын («Жол картасы») алкагында Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги тарабынан өзбек тарапка тогуз инвестициялык долбоорлор концепциясы сунушталды.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, тизмеге багбанчылык, балык чарбасы, өндүрүш жана этти жана жүгөрүнү кайра иштетүү, соода-логистикалык борборду куруу боюнча долбоорлор киргизилген.

Ошондой эле «Жол картасы» алкагында эки өлкөнүн тармактык министрликтери тарабынан тамеки, мөмө-жемиш өндүрүшү, мал чарбачылыгы, багбанчылык, бал аарычылык тармагындагы кластердик мамиле боюнча беш долбоордук концепция кароого киргизилген. Аталган долбоорлордун концепциясы айыл чарба продукциясын өндүрүү, кайра иштетүү жана экспортту камтыйт. Бардык долбоорлор колдогу мамлекеттик жана /же жеке капиталдын базасында түзүлгөн.

Белгилей кетсек, өзбек тарапка сунушталган аталган долбоорлор экономикалык максатка ылайыктуулугу боюнча тараптардын макулдашуусунан соң, кыргыз-өзбек инвестициялык фондунун талаптарына жараша кайрадан таризделет. Учурда аталган фонд тараптан каржылоо механизмдери жана шарттары тараптар аркылуу макулдашылууда.

Эскертсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 11-12-мартындагы Өзбекстан Республикасына мамлекеттик сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги жана Өзбекстан Республикасынын Айыл чарба министрлиги айыл-чарба жана азык-түлүк камсыздоо жаатындагы кызматташтык боюнча Практикалык чаралардын планына («Жол картасы») кол койгон.

Пикир

Оставить комментарий