• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Айылчы Сарыбаев: Өкмөттүн Кытай менен өнүктүрүү фондун түзүү демилгесин колдош керек

Экономика 0

Экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев: “Өкмөттүн Кытай менен өнүктүрүү фондун түзүү демилгесин колдош керек”, - деп эсептейт.

- Ѳкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков Коомдук каналга маек берип, анда министрлер кабинетинин бир катар ийгиликтерин айтты. Премьер-министр Кытай менен сүйлөшүү жүрүп, кыргыз ишкерлерин колдоо үчүн Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду сыяктуу Кытай каржылаган фонд түзүү жагы каралып атканын кабарлады. Эгер ушундай фонд ачылып калса, биздин ишкерлерге канчалык жагымдуу шарт түзө алат?

- Биринчиден, эми Кытайда ашыкча акча көп. Алар бүткүл дүйнөгө инвестиция жасап жатат. Андыктан биз да Кытайдын акчасын пайдаланып, алардын пайдасын көрүшүбүз керек. Эгер Кытай кааласа башка мамлекеттерге деле инвестиция сала берет. Ал эми өкмөттүн бул фондго аралашып, анын үстүндө иштейбиз дегени эң жакшы. Кытай менен биргеликте өнүктүрүү фондун түзүүнү мен өзүм да көтөрүп келгем. Кытайда азык-түлүк проблемасын чечүү үчүн буга чейин эле айыл чарбасына арзан насыяларды бере баштаган.

- Өкмөт башчысы өз маегинде сырттан келе турган каражаттарды күтпөй эле бюджеттен бөлүнгөн акчаларга фитосанитардык көзөмөл пункттары, ветеринардык лабораториялар бирдиктүү системага келтирилгенин белгилеген.

- Кыргызстандын ЕврАзЭСке киргендеги максаты экспортту көбөйтүү болчу. Ошондой максат менен киргенден кийин буга чейинки өкмөттөр деле сырттан каражат күтпөй ушул ишти баштаса болмок. Биздин экспорттун өсүшүнө эч кимдин кызыкчылыгы жок. Аны өзүбүз көбөйтө албасак, Россия менен Казакстан эч качан жардам бербейт. Ошондуктан чек арадагы фитосанитардык көзөмөл пункттарды, ветеринардык лабораторияларды бирдиктүү системага келтирүү үчүн бюджеттин эсебинен эбак эле акча бөлүнүшү керек эле. 7 жылдан бери камырабай жатканы да кызык. Мына бюджеттин эсебинен акча бөлүнүп, аталган иштер бүтүп, бүгүнкү күндө өсүш бар. Эркин соодага мүмкүнчүлүк ачылып жаткандан кийин биз ошол мүмкүнчүлүктү пайдаланып жатабыз.

- Сооронбай Жээнбеков кайра иштетүү өндүрүшүнүн жогорулашына Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун салымы чоң болгонун билдирген. Ушул фонддун Кыргызстанга канчалык пайдасы тийди деп ойлойсуз?

- Албетте кандай гана болбосун каражаттын өлкөгө кирип жатканы абдан маанилүү нерсе. Өзүбүздө акча жок туруп көрө албай, аны сындай баштаганыбыз туура эмес.

Пикир

Оставить комментарий