• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Айылдык ишкерлерге 5 млрд. сомдон ашык жеңилдетилген насыя берилди

Экономика 0

Бишкек, 08.10.18. /Кабар/. Айылдык ишкерлерге 5 миллиард сомдон ашык жеңилдетилген насыялар берилди. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Финансы министрлигинин алдындагы бюджеттик кредиттерди башкаруу мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, “Айыл чарбасын каржылоо – 6” долбоорунун алкагында 11 миңден ашуун айылдык товар өндүрүүчүлөргө 5 миллиард 176 миллион 867,2 миң сомго жеңилдетилген насыя берилген.

Бөлүнгөн суммадан өсүмдүк өстүрүүгө 1 миллиард 279,1 миллион сом, мал чарбачылыкка 2 миллиард 780,8 миллион сом, кайра иштетүүгө жана кызмат көрсөтүүгө 1 миллиард 116,9 миллион сом багытталган.

Насыя берүү төмөнкү коммерциялык банктар тарабынан ишке ашкан: «РСК Банк» ААК, «Айыл Банк» ААК, «Оптима Банк» ААК, «КИКБ» ЖАК, «Кыргызстан коммерциялык банкы» ААК, «Бакай Банк» ААК, «Бай-Тушум» ААК, «Халык Банк» ААК, «Кыргызкоммерцбанк» ААК, «БТА Банк» ЖАК, «Банк Компаньон» ЖАК.

Пикир

Оставить комментарий