• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Айылдык кеңештин депутаты: Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн электр энергиясынын тарифин төмөндөтүү – зарыл колдоо

Коом 0

Бишкек, 07.12.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров «Аз камсыз болгон жарандарды (үй-бүлөлөрдү) электр энергиясы үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн төмөндөтүү түрүндө колдоо чаралары жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул жарлыктын максаты жана милдети 16 жашка чейинки балдары бар муктаж болгон жарандарга (үй-бүлөлөргө) социалдык маанидеги товарларга баалардын өсүшү шартында даректүү социалдык колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Жарлыкка ылайык, 2021-жылдын 1-январынан тартып 16 жашка чейинки балдары бар, «үй-бүлөгө көмөк» мамлекеттик жөлөкпулун алган муктаж жарандар (үй-бүлөлөр) электр энергиясына 2022-жылдын 1-январынан тартып айына 700 кВтс чейин керектегенде, 1 кВтс үчүн 50,0 тыйын өлчөмүндө төлөшөт. 700 кВт сааттан жогору болсо, 1 кВт саат үчүн 2,16 сом болгон тариф колдонулат.

Жаргылчак айылдык кеңешинин (Ысык-Көл, Жети-Өгүз району) депутаты Асылкүл Койчуманованын айтымында, калктын аз камсыз болгон катмары үчүн электр энергиясына болгон тарифтерди төмөндөтүү мындай үй-бүлөлөрдүн бюджетине кошумча колдоо болот.

“Президенттин аталган жарлыгы өз убагында кабыл алынган жана керектүү болуп саналат. Айылдарда бул чынында эле олуттуу колдоо болгон үй-бүлөлөр көп. Айыл жеринде көп балалуу үй-бүлөлөр көп, майыптар, жумушсуздар эптеп жан багышат. Албетте, ушундай кыйын мезгилде тарифтерди арзандатуу алардын гана колунан келет”, - деди ал.

Белгилей кетүүчү жагдай, мындан мурда президент эгер чындап эле бай адамдар ушул тизмеге кирип алган далилдер катталса, баарыңар керт башыңар менен жооп бересиңер деп эскерткен. Анткени мамлекет башчынын айтымында эл арасында бул тизмеге байлар дагы кирип алат деген сөздөр айтылып келет.

“Урматтуу министрлер, жергиликтүү бийлик башчылары, эгер чындап эле бай адамдар ушул тизмеге кирип алган далилдер катталса, баарыңар керт башыңар менен жооп бересиңер. Ал эми катталып алгандардын арасында бай адамдар болсо канча электроэнергия колдонсоң, ошону миңдеген эселеп мамлекетке кайтарып бересиңер. Бул жагын көзөмөлдөгөнгө мамлекеттин күчү жетет. Ар бир үй каттоого алынып, ММКларга жарыяланат. Даректер жарыяланганда кимдин үйү экени кошуналары аркылуу эле ачыкка чыгып калат. Ушинтип тез эле ирээтке келтиребиз. Эч кам санабагыла", - деп жазган президент.

Пикир

Оставить комментарий