• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Айым Айылчиева жана Жан Воинов тартылган тасма апрелдин аягында көрсөтүлөт

Маданият 0

Бишкек, 3-апрель /Кабар/. 27-апрелде борбордогу бардык кинотеатрларда “Бардыгы эми гана башталат” аттуу күлкүлүү окуяларга бай тасманын бет ачары болот. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине А.Айылчиеванын менеджери Мирзада Майчинова билдирди.

Эскерте кетсек, режиссер Миш Емдин “Бардыгы эми гана башталат” тасмасы өткөн жылы тартылган. Башкы ролдорго Айыма Айылчиева жана Жан Воиновдор тартылышкан.

Тасманын сценарийи 2016-жылы мартта жазылган, ал эми тасманы тартуу иштери ноябрда башталып, Барселона (Испания) шаарында тартылган.

Кечээ аталган тасманын саундтреги чыкты.

Мазмуну тууралуу азырынча белгисиз, бирок көрүүчүлөр Испаниянын кооз жерлериндеги тартылган өтө кызыктуу окуяны күтүшүүдө.

Пикир

Оставить комментарий