• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Айым депутаттар гендердик зордук-зомбулукка каршы күрөшүү чараларын талкуулашты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 15.01.20. /Кабар/. Бүгүн, 15-январда Жогорку Кеңештин айым депутаттарынын форумунун кезектеги жыйыны өтүп, анда гендердик зордук-зомбулукка каршы күрөшүү чаралары талкууланды, - деп маалымдайт ЖКнын басма сөз кызматы.

Отурумда өлкөдө аялдарга жана өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулук күч алганы айтылып, аларга каршы чараларды күчөтүү зарылчылыгы белгиленди. Эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жыйында маалымдагандай, гендердик теңчиликти камсыздоого багытталган иштер жүргүзүлүп жатканына карабай, аялдарга жана өспүрүмдөргө карата түз жана кыйыр түрдөгү басмырлоо аракеттери токтотулбай келет. Андыктан, мыйзам үстөмдүгүн орнотуу менен тең укуктуу коомду жаратуу чаралары мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болушу керектиги айтылды.

Ал эми депутат Эльвира Сурабалдиева: “Мыйзамдарга ылайык үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук тууралуу запкы көргөн жаран гана эмес, күбө болгон чөйрө да тиешелүү тараптарга билдириши керек. Бирок, акыркы окуялар көрсөткөндөй үй-бүлөдөгү талаштуу жагдайлар жаап-жашырылгандыктан күчөп, аягы өлүм менен аяктоодо. Андыктан, гендердик теңсиздикти жоюу багытында бардык коомчулук бирдей күрөшүшү керек” – деди.

Ошондой эле депутат Айнура Осмонова жергиликтүү бийлик бул жаатта түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен жигердүү чараларды колдонууга милдеттүү экенине токтолду.

Отурум алкагында атайын резолюция кабыл алынып, анда зордук-зомбулукка каршы парламенттик көзөмөлдү күчөтүү маселелери көрсөтүлдү.

Муну менен катар жыйын алкагында үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту азайтуу багытында иш алып барган айрым айымдарга жана бул жааттагы окуяларды активдүү чагылдырган Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө атайын Ыраазычылык каттары тапшырылды.

Андан тышкары, отурумда Жогорку Кеңештин айым депутаттарынын форумунун кийинки төрайымы болуп депутат Гүлшат Асылбаева дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий