• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Айымдар үчүн пайдалуу кеңештер

Дүр дүйнө 0

Сулуу, ажарлуу, келбеттүү аял заты – бул өзүнө кам көрүп жүргөн айым болуп саналат. Бирок 100% келишимдүү көрүнүү үчүн бир нече амалдарды билип алуу ашыктык кылбайт.

Териңиз жалтырап турсун десеңиз.

Кечинде уктаардан мурун бир саатты өзүңүзгө арнап, сулуулугуңузга кам көрүңүз. Бет териңиздин абалына жараша, терини жумшарта турган ар кандай скраб, маска коюп азыктандырыңыз. Мындай кам көрүүнүн натыйжасында эртең менен бетиңиздин өңү жакшырып, жалтырап, сыйдам болуп жагымдуу көрүнөт.

Эртең менен турганда көзүңүздүн алды шишибесин десеңиз анда;

Эң биринчи эле көздөрүңүз көзгө урунат эмеспи, андыктан көзүңүздүн алдындагы кара-көк тактардан жана шишиктен арылыңыз. Ал үчүн ар дайым жемиштердин же пайдалуу чөптөрдүн турдурмасынан жасалган муз менен сүртүп жүрүңүз.

Чачыңызга да кам көрүүнү унутпаңыз;

Учу гүлдөп, эки ачакей болуп өсүп кеткен жана өңү өчкөн чач көрксүз көрсөтүп коет. Андыктан чачыңызга дагы тиешелүү маска жасап, кам көрө билиңиз.

Ак калем колдонуңуз;

Көзүңүздүн астыңкы катмарына сүртсөңүз, жүзүңүздү сергек көрсөтөт.

Кашыңызды формага салыңыз

Бетиңиздин жана көзүңүздүн формасына шайкеш келип турган каш дагы келбет үчүн маанилүү. Калыптагыдай кашыңыз сиздин көзүңүздү ачат.

Колуңузга кам көрүңүз

Кам көрүлбөгөн колуңуз назиктигиңизди жоготот. Өңү жарым-жартылай өчкөн лактын издери же өскөн тырмак жана түлөгөң абал буга себеп болот. Андыктан кечинде азыктандыруучу маскаларды коюп, крем сүйкөп, тырмактарды иреттүү алып жүргөн жакшы.

Жүзүңүзгө массаж жасаңыз;

Күн сайын массаж жасап жүрсөңүз майда бырыштардан арыласыз. Муну адатка айлантып алсаңыз өзүңүзгө эле жакшы болот. Ал үчүн болгону 10 мүнөт убакыт жетиштүү болот.

Эриндерге да кам көрүүнү унутпаңыз

Кургактыктан кесилген эриндер дагы келбетиңиздин көрктүү болушуна тоскоолдук жаратат. Андыктан эриндерге да көңүл буруп, азыктандыруучу жана жумшартуучу каражаттарды колдонгонуңуз оң.

Пикир

Оставить комментарий