• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Айымдар үчүн: Жаңы жылдык кечеге чогуу көйнөк тандайбыз – сүрөт

Дүр дүйнө 0

Саналуу күндөрдөн кийин жаңы 2019-жыл ар бир кыргызстандыктын үйүн каккылап кирип келет. Келе жаткан 2019-жыл доңуз жылы. Астрологдор жаңы жыл көптөгөн жакшы жаңылыктарды жана пайдалуу жана жагымдуу жолугушуулар болот деп ишендиришүүдө. Ал ортодо дизайнерлер саркеч образдарды ойлоп табуунун үстүндө иштеп жатышкан кези.

Арабызда жаңы жылдык кечеге эмне кийип барсам деп ойлонуп, базарга барып, шаарда болгон дүкөндөрдү “тытып” чыккандар аз эмес.

Назарыңыздарга айрым кечеде кийе турчу көйнөктөрдүн түрмөгүн сунуштайбыз.

Баса, кечеге сары, гүлгүн түстөгү көйнөктөрдү кийип барсаңыз эч жаңылыштык кылбайсыз. Анткени быйыл дал ушул түстөр мода болот экен.

Сары, гүлгүн түс бардык элек айымдарга жараша бербейт. Бирок капаланып, маанайды түшүрүүнүн кереги жок. Ушул өңдөргө түспөлдөш болгон башка түстөрдү тандасаңыз да болот.

Кара түстөгү көйнөктү бардык жакка кийип барсаңыз болот, анткени кара түс эч качан өзүнүн актуалдуулугун жоготпойт.

Эгерде майрамдык кечеге кийе турчу көйнөгүңүздө сүрөттөр же кол менен токулган кошумча кооздуктар болсо, анда аксессуар тандап жатканда этият болуңуз.

Дүкөндөн жарашыктуу кийим сатып алаарда балансты эстен чыгарбаганыңыз оң. Эгерде көйнөгүңүз кыска болсо, анда үстү жабык болушу керек. Ал эми көйнөгүңүз узун болсо, анда ийин жагы бир аз ачык болсо жарашыктуу болот.

Маалымат жана сүрөттөр интернет булактарынан алынды

Пикир

Оставить комментарий