• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Айымыңыздын мүнөзүн айтсаңыз - кайсы гүлдү жактыраарын айтып беребиз

Дүр дүйнө 0

Гүл адам тууралуу көп нерсе айтып бере аларын билдиңиз беле? Аял киши кайсы гүлдү жактырганына жараша анын кулк-мүнөзүн аз да болсо билүүгө болот. Ошондуктан бир айым лилияны жактырса, экинчисине ал жага бербесе керек.

Роза

Image result for розы

Роза гүлүнүн жыпар жыты көптөргө жакса керек. Негизинен аны өзүнө ишенген, эч кимдин көзүн карабаган, жашоодо шар жүргөн аялдар тандашат. Алар ашыкча кыялкеч эмес.

Хризантема

Image result for хризантема

Хризантеманы жактырган айымдарды кээ бирде түшүнүү кыйынга турат. Алар түнт болбосо да башкалардан обочодо, өзүнчө жүргөндү жактырышат.

Орхидея

Related image

Орхидеяны жактырган аялдар катардагы нерселерге ыраазы болуп отуруп калбайт. Аларды таң калтыруу кыйын. Андыктан, аларды кучак толо гүл менен таң калтырам деп ойлобой эле коюңуз.

Жоогазын

Related image

Жоогазынга жакын айымдар сыртынан баео көрүнүшү мүмкүн. Бирок, алар жашоодогу кыйынчылыктарга моюн сунуп отуруп калбайт. Баарлашууда шар жүрүшөт жана алар менен тил табышуу оңой. Аларды жандырмагы табылбаган табышмак деп атаса болот. Себеби, алардын ичиндеги ой-толгоолорду эч ким биле албайт.

Лилия

Related image

Лилияны өзүн ханайым эсептеген кыздар жакшы көрөт. Алар айрым учурда өзүнө өтө эле ишенимдүү, көйрөң болушат жана башкалардын оюна кулак сала бербейт. Бирок, алардын дем-күчү ашып турат.

Гербера

Image result for гербера

Герберага жакын кыздар ак көңүл, ачык-айрым келишет. Кээде бала өңдүү ак көңүл болуп кетишет. Ошентсе да алар көк бет болушат.

Адам башкаларды эмес, өзүн да толук кандуу тааный элек же өзүн-өзү таанышы кыйын деп коюшат. Анын сыңары, гүлдөр боюнча мүнөздөмө берүү толук туура келбесе да, гүлдөр адам өзү тууралуу билбеген сапаттарын айтып бере алат чыгар.

Маалымат интернет булактарынан алынды.

Пикир

Оставить комментарий