• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Айып аянтчасына киргизилет! Кайгуул кызматы айдоочуларды айыппулдарды убагында төлөөсүн эскертет

Коом 0

Бишкек, 05.10.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларды унааларынын айыппулдарын өз убагында төлөөсүн эскертет.

Аталган кызматтан билдиришкендей, жарандардан көптөгөн кайрылуу арыздары келип түшүүдө.

“Алардын көпчүлүгү мурда унаасын келишим каттын негизинде сатканын жана учурда айдап жүргөн айдоочу тарабынан эреже бузууларга салынган айыппулдар мурдагы ээлерине келип жатканын айтып, кайрылышууда. Мына ушундан улам жарандар мурдагы саткан унаасын таап, азыркы айдап жүргөн жаранга толук кандуу өткөрүп берүү же унааны убактылуу айып короо жайына токтотуп коюу өтүнүчү менен кайрылууда”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Бузуулар кодексинин 306-беренеси боюнча жол эрежеси бузулган учурда автоунаанын документтеги мыйзамдуу ээси гана жооп берет.

“Айыппулдар өз убагында төлөнбөй, туум кошулуп унаанын мурдагы (мыйзамдуу) ээсинин дарегине барууда. Мындан улам жаран чет өлкөгө чыгууда көйгөйлөр жаралып, ошондой эле сот аткаруучулар тарабынан үйү же ээлеген мүлкүн убактылуу камакка алуу тууралуу чечим келип калуу коркунучу күтүлүүдө. Ошол себептүү унааны сатканда же сатып алууда келишим каттын негизинде эмес, сатып алган жарандын наамына толук кандуу каттатып, өткөрүп берүү эскертилет”, - деп жазылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий