• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Айып пул салуу ыкмасы менен гана элдерди тарбиялай алабыз – Айжан Чыныбаева

Коом 0

Бишкек, 10.09.19. /Кабар/. Айып пул салуу ыкмасы менен гана элдерди тарбиялай алабыз. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында «Эко деми» коомдук фондунун негиздөөчүсү Айжан Чыныбаева билдирди.

Анын айтуусунда, туура эмес жерге таштанды ыргыткан бир да адам жоопкерчиликке тартылган эмес. Мындай жоорук үчүн 5 миң сом өлчөмүндө айып пул төлөө каралган. Чыныбаеванын билдирүүсүнө караганда, мыйзамда тыюу салынган, бирок, элдер аны бузууну улантып келишет.

«Учурда бул мыйзам иштелип жатат, тактап айтканда, биз сунуштайлы деп жаткан өзгөрүүлөр менен толукталат. Эгерде айып пул төлөөгө чамасы жетпесе, анда ал адам коомдук жумуштарга тартылат. Айып пул салуу ыкмасы менен гана элдерди тарбиялай алабыз», - дейт Чыныбаева.

Ал кошумчалагандай, экология маселесин системдүү түрдө мамлекеттик деңгээлде иштеп чыгуу керек. Ал биринчи кезекте Ысык-Көл облусуна тиешелүү, эгерде көлүбүзбү сактап калбасак, Кыргызстан туризм тармагынан кур калат.

«21-сентябрда Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнүн алкагында Кыргызстанда ишембилик өтүп, миңге жакын ыктыярчы катышат. Былтыр дээрлик 400 миңге жакын адам катышкан, бул жылы андан да көп адамды тартуу пландалууда», - дейт «Enactus Кыргызстан» коомдук уюмунун аткаруучу директору Гүлбарчын Суюнова.

Пикир

Оставить комментарий