• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Айып пул салынбайт! ОСАГО полисин алуунун мөөнөтү жылдырылды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 26.01.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 26-январдагы жыйынында төрага Нурланбек Шакиев унааларды милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) полисин алуунун мөөнөтү жылдырылганын билдирди.

“Кечээ министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен сүйлөштүк. Депутаттардын сунушун айттым. Биз кеңешип, 1-апрелден тарта унааларын камсыздабаган айдоочуларга айып пул салынбай, мөөнөтү жырдырыла турган болду. Президенттин дагы бул боюнча тапшырмасы бар экен”, - дейт төрага.

Эскерте кетсек, унааларды милдеттүү камсыздандыруу мыйзамы боюнча, 2023-жылдын 1-апрелине чейин ОСАГО полисин албаган айдоочуларга 3 миң сом өлчөмүндө айып пул каралган.

Пикир

Оставить комментарий