• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Айзаданын өлүмү. Ишти иликтеп жаткан милиционерлерге карата текшерүү жүргүзүлөт

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.04.21. /Кабар/. Ички иликтөө кызматы тарабынан Бишкек шаарында сөөгү табылган кызды уурдоо боюнча сотко чейинки процесстин үстүнөн иштеп жаткан милиция кызматкерлеринин ыкчам иш-аракеттери текшериле баштады.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкекте Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жаш кызды ала качып кетишти деген маалымат тарап, окуя видеого түшүп калган.

Көп өтпөй 7-апрелде кыздын сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылган.

Пикир

Оставить комментарий