• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Айзаданын өлүмү. Кылмышкер Россияда 3 жолу соттолгон – Бишкек милициясы

Коом 0

Бишкек, 08.04.21. /Кабар/. Криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан 1985-жылы туулган шектүү Т.З. боюнча кошумча маалыматтар алынды.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, жаран З.А.Теңизбаев мурда бир нече жолу соттолгон, алгач 2008-жылы 20-мартта Омск шаарынын Киров райондук соту тарабынан РФнын Жазык кодексинин 158-беренеси (Уурдоо) менен 3 айга эркинен ажыратылган.

2009-жылы 26-ноябрда З.А.Теңизбаев Красноярк шаарынын Темир жол райондук соту тарабынан РФнын Жазык кодексинин 161-беренеси (Тоноо) менен 2 жылга эркинен ажыратылып, 2011-жылы 10-июнда бошоп чыккан.

2012-жылы 10-июлда Москва шаарында Зеленоградск райондук соту тарабынан опузалоо, тоноо фактылары менен айыпталып, 5 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.

2017-жылы 29-июлда абактан бошотулуп, Кыргызстанга депортацияланган.

2020-жылдын 30-июлунан бери З.А.Теңизбаевге Россиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкекте Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жаш кызды ала качып кетишти деген маалымат тарап, окуя видеого түшүп калган.

Көп өтпөй 7-апрелде кыздын сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылган.

8-апрелде Бишкекте зомбулукка жана ала качууга каршы митинг өтүп, анда катышуучулар ИИМ жана ИИББ башчыларынын кызматтан кетүүсүн талап кылышкан.

Аталган окуя боюнча КР президенти Садыр Жапаров дагы үн катып, ишти жеке көзөмөлүнө алганын билдирген. Ал эми премьер-министр Улукбек Марипов ала качуу салт эмес, ал кылмыш деп атаган.

Пикир

Оставить комментарий