• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Айзаданын өлүмү: Ала качууга катышкан дагы бир жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.04.21. /Кабар/. Бишкектин криминалдык милициясынын кызматкерлери борбор калаада кызды уурдоого шек саналгандардын дагы бир катышуучусун кармады.

Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, тергөө жана издөө иштеринин жүрүшүндө Бишкектеги кыздын уурдалышына тиешеси бар 32 жаштагы З.Р. аттуу жаран кармалды. Ал Жазык-процесстик кодексинин 98-беренеси боюнча убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда аталган окуяга тиешеси бар башка жарандарды издөө иштери жүрүүдө.

Буга чейин кыздын уурдалышына шектелип 29 жаштагы Р.А. аттуу жаран колго түшүрүлгөн.

Белгилей кетсек, 5-апрелде Бишкекте Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жаш кызды ала качып кетишти деген маалымат тарап, окуя видеого түшүп калган.

Көп өтпөй 7-апрелде кыздын сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылган.

Пикир

Оставить комментарий