• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Айзаданын өлүмү: Бир топ жетекчилер кызматтан алынды. Тизме

Кадр саясаты 0

Бишкек, 10.04.21./Кабар/. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен бир катар жетекчилер ээлеген кызмат ордуларынан бошотулду, - деп билдирет ИИМдин маалымат кызматы.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан жүргүзүлүп жаткан кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен милиция кызматкерлеринин жана алардын жетекчилеринин иш-аракетине баа берилип, ага ылайык 2021-жылдын 9-апрелинде ИИМдин буйругу жарык көрдү.

Анда өзүнө жүктөлгөн кызматтык милдеттерди так аткарбагандыгынын натыйжасында, Кыргыз Республикасынын “Укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн укук коргоо органдарынын Тартиптик уставынын талаптарын, Кыргыз Республикасынын ИИОнун 2020-жылдын 12 айында аткарган ыкчам-кызматтык ишмердигинин жыйынтыгы менен өткөрүлгөн коллегиянын жана Аппараттык, ыкчам кеңешмелердин жыйынтыгы менен коюлган тапшырмалардын талаптары жана ИИМдин бир катар буйруктарынын талаптары одоно түрдө бузулган.

Жогорудагылардын негизинде, Бишкек ШИИББнын начальниги милициянын полковниги Б. Матмусаев, Бишкек ШИИББнын начальнигинин коомдук коопсуздук боюнча орун басары милициянын полковниги Э. Атантаев, Бишкек ШИИББнын Тергөө кызматынын начальниги милициянын полковниги Н.Утемисов, Биринчи Май РИИБнын начальниги милициянын полковниги А.Казакеев, Биринчи Май РИИБнын начальнигинин ыкчам иштери боюнча орун басары милициянын полковниги И. Базаркулов, Биринчи Май РИИБнын начальнигинин сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары милициянын полковниги К. Суранчиев, Биринчи Май РИИБнын начальнигинин коомдук коопсуздук боюнча орун басары милициянын полковниги А. Озубеков, Биринчи Май РИИБнын КККнын нөөмөт бөлүгүнүн ыкчам нөөмөткери милициянын улук лейтенанты Б.Абдиллаев, Биринчи Май РИИБнын КККнын нөөмөт бөлүгүнүн ыкчам нөөмөткери милициянын майору Ж.Тукешов жана Биринчи Май РИИБнын тергөө кызматынын улук тергөөчүсү, милициянын капитаны У.Арыкбаев ээлеген кызматынан бошотулду.

Ал эми Бишкек ШИИББнын начальнигинин сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары милициянын полковниги М. Насировге, Бишкек ШИИББнын КККнын начальнигинин орун басары, ошол эле ыкчам чара көрүү борборунун начальниги милициянын полковниги М.Буларкиевге, Бишкек ШИИББнын КМКнын начальнигинин орун басары, ал эле бөлүм начальниги милициянын подполковниги У.Орозалиевге, ЖКККББнын Бишкек ШИИББы боюнча МККБнын полкунун командиринин орун басары милициянын капитаны У.Саргашкаевке, Бишкек ШИИББнын КККнын нөөмөт бөлүгүнүн инспектор-нөөмөткери милициянын майору С.Байгазиновго, Бишкек ШИИББнын КККнын нөөмөт бөлүгүнүн ыкчам нөөмөткери милициянын капитаны М.Насирдиновго, Бишкек ШИИББнын КККнын нөөмөт бөлүгүнүн ыкчам нөөмөткери милициянын подполковниги М.Карабаевге, Бишкек ШИИББнын КККнын нөөмөт бөлүгүнүн инспектор-нөөмөткери милициянын майору М.Турумтаевге, Биринчи Май РИИБнын Тергөө кызматынын начальниги милициянын капитаны Н.Тургуналиевге, Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБнын КМКнын начальниги милициянын подполковниги Э.Укубаевге, Биринчи Май РИИБнын КККнын начальнигинин орун басары, ал эле нөөмөт бөлүгүнүн начальниги милициянын подполковниги Э.Тыналиевге, Биринчи Май РИИБнын Тергөө кызматынын начальнигинин орун басары милициянын майору Т.Абдукагаровага, Биринчи Май РИИБнын №5 ШМБнын КМКнын ыйгарым укукту оперкызматкери милициянын лейтенанты Н.Емиловго, Биринчи Май РИИБнын КМКнын улук ыйгарым укукту оперкызматкери милициянын майору М.Бейшеналиевге, Биринчи Май РИИБнын №5 ШМБнын КМКнын улук ыйгарым укукту оперкызматкери милициянын капитаны Б.Торгоевге, Биринчи Май РИИБнын КМКнын ыйгарым укукту оперкызматкери милициянын капитаны Т. Саткинбаевге, Биринчи Май РИИБнын КМКнын ыйгарым укукту оперкызматкери милициянын лейтенанты Ч.Толомушовге, Биринчи Май РИИБнын №5 ШМБнын КМКнын ыйгарым укукту оперкызматкери милициянын лейтенанты Таалайбек уулу Искендерге, Биринчи Май РИИБнын ТКнын тергөөчүсү милициянын улук лейтенанты Сагынбек уулу Нурсултанга, Биринчи Май РИИБнын ТКнын тергөөчүсү милициянын капитаны А.Каримовго, Биринчи Май РИИБнын №5 ШМБнын начальниги милициянын майору З. Эргешовго, Биринчи Май РИИБнын ЖЖБнүн начальниги милициянын капитаны Эдилбек уулу Бактиярга, Биринчи Май РИИБнын ЖӨИнын начальниги милициянын капитаны М.Адиловго “кызматка толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертүү” тартиптик жазасы жарыяланды.

Ошондой эле Бишкек ШИИББнын КМКнын начальниги милициянын полковниги У.Айтбаевге, Бишкек ШИИББнын СКБнын начальнигинин орун басары, милициянын подполковниги А. Исмаиловго, Бишкек ШИИББнын КККнын нөөмөт бөлүгүнүн инспектор-нөөмөткери милициянын майору К.Малабаевге, Биринчи Май РИИБнын КККнын нөөмөт бөлүгүнүн ыкчам нөөмөткери милициянын подполковниги А.Тентиевге, “катуу сөгүш” тартиптик жазасы жарыяланды.

Чүй областы боюнча: Чүй ОИИББнын КККнын Нөөмөт Бөлүмүнүн ыкчам нөөмөткери милициянын капитаны Ч.Абыкеев,Чүй ОИИББнын КККнын нөөмөт бөлүмүнүн инспектор-нөөмөтчүсү милициянын подполковниги М.Уметалиевдер ээлеген кызматтарынан бошотулду.

Чүй ОИИББнын начальнигинин сотко чейинки өндүрүш иши боюнча начальниктин орун басары милициянын полковниги А. Савыралиевге, Чүй ОИИББнын КККнын начальнигинин орун басары, ал эле нөөмөт бөлүмдүн начальниги милициянын полковниги Т.Анарбаевге, Чүй ОИИББнын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын бөлүмчөсүнүн начальниги милициянын майору М. Султаналиевге “кызматка толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертүү” тартиптик жазасы жана Чүй ОИИББнын начальнигинин орун басары, ошол эле КККнын начальниги милициянын полковниги А.Ажыбаевге “катуу сөгүш” тартиптик жазасы жарыяланды.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен жалпы жонунан 44 кызматкер тартип жазаларына кириптер болушту.
ИИМдин Басма сөз кызматы

Пикир

Оставить комментарий