• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Айзаданын өлүмү: Бишкек шаардык милициясынын башчысы отставкага кетпейт

Коом 0

Бишкек, 08.04.21. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте милиция уурдалып, киши колдуу болгон 27 жаштагы Айзада Канабекованын окуясы боюнча маалымат жыйын берди.

Брифингдин жүрүшүндө журналисттер Бишкек шаардык милициясынын башчысы Бакыт Матмусаевге аталган окуядан кийин отставкага кетесизби деген суроо узатышты. Ал учурда ички иликтөө журүп жаткандыгын айтты.

Матмусаевдин айтымына караганда, текшерүүнүн жыйынтыгы менен тиешелүү чаралар кабыл алынат.

“Азыр менин милдетим - кылмыштын бетин ачуу", - деди ал.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкекте Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жаш кызды ала качып кетишти деген маалымат тарап, окуя видеого түшүп калган.

Көп өтпөй 7-апрелде кыздын сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылган.

Пикир

Оставить комментарий