• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Айзаданын өлүмү: БУУ аялдарга карата зомбулуктун алдын алууга чакырат

Коом 0

Бишкек, 09.04.21. /Кабар/. Бириккен Улуттар Уюум (БУУ) киши колдуу болгон 27 жаштагы Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу билдирүү жасады.

Анда мындай деп айтылат:

««Ала качуунун» эң соңку курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын өлүмү бул кылмыштуу көрүнүштү жок кылуу керектигин дагы бир жолу эскертет. Кыргызстанда жана дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө аялдар жана кыздар урдоого жана зомбулукка кабылбастан, жашаган жеринде коопсуз жүрүүгө укуктуу.

Кыргыз Республикасындагы Бириккен Улуттар Уюму бардык өкмөт мекемелерин, анын ичинде укук коргоо жана коопсуздук күчтөрүн, Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин «Адамды никеге туруу максатында урдоо» 175-беренесине ылайык катталган учурларга карата өз убагында жана координацияланган чараларды көрүүгө жана мындай учурлар катталганда натыйжалуу жана чукул иликтөөлөрдү камсыздоого чакырат.

Кыргыз Республикасындагы Бириккен Улуттар Уюму жашы жете элек кыздарды жана аялдарды никеге зордоп тургузуу учурларын жоюууга толук колдоосун билдирет жана Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Мариповдун расмий билдирүүлөрүндө Айзада Канатбекованын өлүмүн алдын алса боло турган улуттук трагедия катары сыпаттоосун кубаттайт. БУУ Кыргызстандын элинин аялдарга жана кыздарга карата көрсөтүлгөн зомбулуктун бардык түрлөрүнө, анын ичинде «ала качууга» байланышкан аракеттерге, каршылыгын билдирүүсүн колдойт.

БУУ бул багытта өкмөт менен жарандык коомдун бул зыяндуу көрүнүштү жоюу үчүн тереңдеп жаткан кызматташтыгын кубаттайт. БУУ жапа чеккендерге коопсуздук чараларын жана адилеттүү сот жараянын камсыздап, кылмышкерлерди мыйзам чегинде жоопко тартуу менен биргеликте, аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун алдын алуу жана жоюууга багытталган тийиштүү мыйзамдарды туруктуу ишке киргизүүгө жана аткарууга чакырат.

Кыргыз Республикасындагы Бириккен Улуттар Уюму өлкөнүн гендердик теңдикти жана аялдардын, кыздардын мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртууга багытталган 5-Туруктуу Өнүгүү Максатына жетиши үчүн керектүү социалдык нормаларды, жүрүм-турумдарды билим жана башка иш-чаралар аркылуу илгерилетүү менен өлкөнүн аялдарына жана кыздарына карата зомбулуктун бардык түрлөрүн жок кылуу үчүн өкмөттүн багыттуу аракетин колдоп келүүдө.

ЮНФПАнын сурамжылоосу көрсөткөндөй, ар бир бешинчи аял мажбурлоо аркылуу никеге турган. Никеге мажбурлоо бул кылмыш жана аялдардын жана кыздардын укугун бузуу болуп саналат. Мажбурлоо аркылуу жана/же жашы жете элек менен никеге туруу Кыргызстанда чоң көйгөй бойдон калууда. ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 20-24 жаштагы аялдардын 13 пайызы 18 жашка чейин нике курушат.

Кыргызстандын Аялдарга карата дискриминациянын бардык түрлөрүн жоюу боюнча БУУ Конвенциясын (CEDAW) ишке ашыруу боюнча бешинчи улуттук мезгилдик баяндамасы 2021- же 2022-жылы каралат. 2015-жылкы баяндаманын корутундусунда Кыргызстан аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун алдын-алуу жана чечүү боюнча көп тармактуу чараларды ишке ашыруу; зомбулукка дуушар болгон аялдардын жана кыздардын укуктарын коргоону жана коопсуздугун чукул арада камсыздоо; кылмышкерлер жоопкерчиликке тартылып, жазасын тийиштүү берүү; соттор, прокурорлор, укук коргоо кызматкерлери аялдарга карата зомбулук учурларын камтыган тийиштүү мыйзамдарды так ишке ашыруу боюнча жана зомбулукка дуушар болгон аялдар менен сезимтал иш-алып баруу боюнча милдеттүү окутууларды камсыздоо сунушталган».

Пикир

Оставить комментарий