• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Айзаданын өлүмү: Кыз футболка менен муунтуп өлтүрүлгөн

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.04.21. /Кабар/. Алдын ала маалыматтар боюнча Айзада Канатбекова футболка менен муунтуп өлтүрүлгөн. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнин тергөө кызматынын башчысы Нурлан Утемисов билдирди.

Анын айтымында, учурда соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүүдө.

“Алдын ала маалыматтар боюнча, кызга муунтуудан улам дем жетишпей калган. Ал шектүү Замирбек Теңизбаевдин футболкасы менен муунтуп өлтүрүлгөн. Өз кезегинде шектүү өзүнүнүн моюн тарабын үч жолу бычак менен кескен. Анын бир жарааты терең болгон. Натыйжада шектүү көп кан жоготуудан улам каза болгон ”, - деп билдирди Утемисов

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкекте Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жаш кызды ала качып кетишти деген маалымат тарап, окуя видеого түшүп калган.

Көп өтпөй 7-апрелде кыздын сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылган.

Пикир

Оставить комментарий