• 84.77
  • 95.35
  • 1.12

Айзаданын өлүмү: Милиция кызматкерлерине карата сотко чейинки өндүрүш иши тергелүүдө

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.09.21. /Кабар/. Жалпыга маалымдоо каражаттарына Айзада Канатбекованын иши боюнча милиция кызматкерлерине карата өндүрүш ишинин кыскартылгандыгы тууралуу жарыяланган маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Билдирүүдө айтылгандай, 2021-жылдын 8-апрелинде Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан Жазык кодексинин 331-беренеси (“Шалаакылык”) менен Бишкек шаарынын Биринчи май районунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине карата сотко чейинки өндүрүш иши катталган.

Азыркы учурда жогорудагы сотко чейинки өндүрүш иши боюнча УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкы башкармалыгы тарабынан тергөө аракеттери улантылууда жана анын жүрүүсү прокуратуранын көзөмөлүндө турат.

Эскерте кетсек, үстүбуздөгү жылдын 5-апрелинде Бишкектин Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жаш кызды ала качып кетишти деген маалымат тарап, окуя видеого түшүп калган. Көп өтпөй 7-апрелде кыздын сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылган.

Пикир

Оставить комментарий