• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкектеги Ак-Бата конушунун 20 жылдыгы белгиленди

Коом 0

Бишкек, 22.03.23. /Кабар/. Бишкектеги Ак-Бата конушунун тургундары конуштун 20 жылдыгын белгилешти.

Муниципалитеттен билдиришкендей, шаардыктар үчүн майрамдык концерт уюштурулуп, аркан тартыш, таяк тартыш сыяктуу улуттук оюндары тартууланды.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары конуштун тургундарына боз үй белек кылышты.

Маалымат үчүн: Ак-Бата жаңы конушу 2003-жылы негизделген. Конуш негизделгенден бери ал жерге борбор калаанын муниципалитети тарабынан мектеп, бала бакча, үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, почта бөлүмү, балдар аянтчалары курулган.

Пикир

Оставить комментарий