• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ак-Бешим орто мектебинде өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 19.02.20. /Кабар/. Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Ак-Бешим айылынын орто мектебинде ӨКМдин кызматкерлери тарабынан өрт-тактикалык машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, иш мерчемдин негизинде өрт кырсыгы же өзгөчө кырдаал учурунда өзүн алып жүрүү, отту туура эмес пайдалануудан келип чыгуучу өрт кырсыктары, баштапкы өрт өчүрүүчү каражаттарды колдонуу тартиби боюнча мугалимдерге жана окуучуларга кеңири маалымат берилди.

Андан тышкары, машыгууда Кызыл Ай коомунун мүчөлөрү балдарга биринчи медициналык тез жардам көрсөтүү жана өрт учурунда жабыркаган адамга кандай жардам берүү керектиги тууралуу нускама өтүштү.

Пикир

Оставить комментарий