• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ак-Босого конушунда Калкты тейлөө борбору ачылды – КР МКК

Коом 0

Бишкек, 27.03.18. /Кабар/. Бишкектеги Ак-Босого жаңы конушунда Калкты тейлөө борбору ачылды,-деп билдирет Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) басма сөз кызматы.

КТБ профессор Зима №4 көчөсүндө жайгашкан Глобус соода имаратында №81 мектептин жанында жайгашкан.

Калкты жана жарандык абалды каттоо департаментинин жетекчисинин орун басары Бакыт Конушбаев чогулган элге КТБнын кызматтары тууралуу айтып берди.

“Биринчи этапта бул жерден паспорт алуу үчүн документтерди тапшырып, жашаган жер боюнча катталуу мүмкүнчүлүгү болот. Жакынкы арада жеке идентификациялык номер да алууга болот”,-деп билдирди ал.

Ак-Босогонун тургундары жаңы конушта КТБ ачкандыктары үчүн өз ыраазычылыктарын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий