• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ак-Босого конушунда жаңы гүлбакча жана бала бакча пайда болот

Коом 0

Бишкек, 30.11.22. /Кабар/. Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов Ак-Босого конушунда көчмө жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйындын алкагында Чүй 45 көчөсү текшерилип, жабык коллектордук-дренаждык системаны куруу маселеси талкууланды.

Андан кийин Биринчи май акимиаты менен БУУнун алдындагы миграция боюнча эл аралык уюмдун ортосунда жетишилген макулдашууга ылайык, Чүй 41 көчөсүнө курулуп жаткан жаңы аянт текшерилди.

Учурда ал жерде сугат лотокторун төшөө үчүн траншеяны казуу иштери жүрүп жатат, тротуардын фундаменти орнотулуп, топурак, бордюрлар ташылууда.

Аким ошондой эле жаңы бала бакча куруу пландалган Чүй 18 көчөсүндөгү жер тилкесин карап чыкты. Учурда имараттын долбоору Бишкек шаарынын мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгында экспертизадан өтүүдө.

Мындан тышкары, конуштун 77-кварталындагы футбол аянтчасын оңдоо мүмкүнчүлүгү каралып, ал жерден Безымянная көчөсүн бойлой канализациялык насостук станция куруу үчүн аймак изилденди.

Көчмө жыйындын жыйынтыгында райондук кызматтарга тиешелүү тапшырмалар көрсөтүлгөн протокол түзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий