• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ак-Буура дарыясына кулаган унаанын ичиндеги дагы бир жүргүнчүнүн денеси табылды. Дагы экөө изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 15.07.19. /Кабар/. Ноокат районунун Ош-Папан-Кожокелең унаа жолунун 60-чакырымында Ак-Буура дарыясына кулап түшкөн унаанын ичиндеги дагы бир жүргүнчүнүн жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн болжол менен саат 07:20да 73 жаштагы Р.Э. аттуу эркек кишинин денеси табылган.

Эскерте кетсек, кечээ, 14-июль күнү Ош облусундагы Ош-Папан-Кожокелең унаа жолунунун 60-чакырымында жеңил унаа Ак-Буура суусуна түшүп кеткен. Министрликтин маалыматы боюнча, сууга кулап кеткен ВАЗ-21099 үлгүсүндөгү унаада 3 эркек жана 1 аял киши болгон. Кечээ саат 19:50дө 56 жаштагы Р.И. аттуу эркек кишинин жансыз денеси табылган.

Пикир

Оставить комментарий