• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ак-Буура суусуна кулаган унаа: Дагы бир адамдын денеси табылып, төртүнчүсү изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 16.07.19. /Кабар/. Ноокат районунун Ош-Папан-Кожокелең унаа жолунун 60-чакырымында Ак-Буура дарыясына кулап түшкөн унаанын ичиндеги дагы бир жүргүнчүнүн жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Белгилей кетсек, 14-июль күнү Ош облусундагы Ош-Папан-Кожокелең унаа жолунунун 60-чакырымында жеңил унаа Ак-Буура суусуна түшүп кеткен. Министрликтин маалыматы боюнча, сууга кулап кеткен ВАЗ-21099 үлгүсүндөгү унаада 3 эркек жана 1 аял киши болгон. 14-июль күнү саат 19:50дө 56 жаштагы Р.И. аттуу эркек кишинин жансыз денеси табылган. Кечээ, болжол менен саат 07:20да 73 жаштагы Р.Э. аттуу эркек кишинин денеси табылган.

Министрликтен белгилешкендей, кечээ саат 19:00дө 59 жаштагы Р.И. аттуу аял кишинин денеси жергиликтүү тургундар тарабынан табылган.

Бүгүн төртүнчү адамды издөө иштери улантылат.

Пикир

Оставить комментарий