• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

"Ак-Деңизде - Айтматов ааламы": Түркияда жазуучунун 90 жылдыгына карата кароо сынак өттү

Коом 0


Бишкек, 28.11.18. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 17-ноябрында Түркиянын Анталия шаарында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата Жер ортолук деңиздин жээгинде "Ак-Деңизде - Айтматов ааламы" аталышындагы кароо сынак болуп өттү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Бексултан Алимбеков билдирди.

Анын айтуусунда, аталган маданий иш-чараны "Кыргыз эли" коому уюштурган. Сынакка Түркияда билим алып жаткандар эле эмес, ал жакта иштеген мекендештер да катышкан.

Анда Чыңгыз Айтматовго таандык "Ысык-Көлдү сагынуу" чыгармасы ырдалып, "Кылым карытар бир күн" романынын монологу окулган. Жергиликтүү мекеме башчылары, Ак-Деңиз университенин мугалимдери, кыргыз диаспорасынан келген адамдар калыстар тобунун курамында болушкан.

Сынакка жалпысынан 18 катышуучу катышып, анын жыйынтыгы боюнча "Эстейсиңби" аттуу чыгармасы менен эгиз сулуулар Адина жана Мадиналар 3-орунду багындырып, Орозбек Тоялиев монологду аткаруусу үчүн 2-орунду алган. Ал эми Бексултан Алимбеков өзгөчө репертуары менен "Кыргыз эли" коомунун медалы жана "Ардак грамотасы" менен сыйланган.

“Жазуучунун 12-декабрдагы туулган күнүнө карата "Кыргыз эли" коому чоң иш-чараларды пландап жатат. Коом учурда Анталияда Чыңгыз Айтматов атындагы жаңы сейил бактын ачылыш аземине даярдык көрүүдө”, - деп билдирди Алимбеков.

Пикир

Оставить комментарий