• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Ак үй: Трамп зомбулук менен жек көрүүчүлүктүн бардык түрүн айыптайт

Дүйнө 0

БИШКЕК, 14.08.17. /Кабар/. АКШ президенти Дональд Трамп Шарлотсвиллдеги башаламандыктарга катышкан экстремисттерди айыптады. Бул тууралуу Ак үйдүн басма сөз кызматы «Трамп радикалдарды жана жек көрүүчүлүк идеяларды тиешелүү деңгээлде айыптаган жок» деген сындарга жооп берип жатып билдирди.

"Президент өзүнүн кечээки билдирүүсүндө зомбулуктун, фанатизмдин жана жек көрүүчүлүктүн бардык түрүн айыптай турганын ачык айткан. Албетте, бул ак расанын үстөмдүгү идеясынын тарапташтарына, неонацистерге жана бардык экстремисттик топторго тиешелүү. Президент бардык америкалыктарды улуттук биримдикке чакырды", – деп айтылат басма сөз кызматтын билдирүүсүндө.

Президент Трамп ишемби күнү башаламандыктардан кийинки билдирүүсүндө Шарлотсвиллдеги нааразылык акциясынын катышуучулары менен ак экстремисттердин ортосундагы кагылышууларга "көптөгөн тарапты" айыптаган.

12-августта кагылышуулардан кийин митинг өткөрүп жаткан улутчулдардын тарапташтарын катуу ылдамдык менен келген автоунаа тебелеп кеткен. Жыйынтыгында бир аял каза болуп, жыйырмага жакын адам жаракат алган.

Автоунаасы менен топтошкон адамдарды тебелеп кеткен 20 жаштагы Алекс Филдс кармалып, кылмыш иши козголду. Ал Огайо штатынын тургуну болгон.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий