• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ак илбирс - 2019: Сыйлык ээлери аныкталды

Маданият 0

Бишкек, 27.04.19. /Кабар/. Кечээ, 26-апрель күнү «Манас» кинотеатрында Ак илбирс 2019 улуттук кино сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү.

Сыйлык мыкты режиссер, оператор, сценарист, актер, актриса ж.б. наамдары боюнча берилди.

Ошондой эле, дүйнөлүк кинематография тармагына кошкон салымы үчүн «Ак илбирстин» атайын сыйлыгы Кыргыз Эл артисти, атактуу кинооператор Манасбек Мусаев менен Тажикстандын Эл артисти, режиссер, кинооператор Давлат Худоназаровго тапшырылды.

Сыйлык ээлеринин тизмеси:

- «Мыкты тасма»: продюсерлер Толкун Дайырбекова (Кыргызстан), Андрей Епифанов, Таня Петрик (Россия) ("Дарак ыры"), режиссер Айбек Дайырбеков;

- «Мыкты режиссер»: Айбек Дайырбеков («Дарак ыры»);

- «Мыкты композитор»: Жолдошбек Апасов («Дарак ыры»);

- «Мыкты үн режиссеру»: Бакыт Ниязалиев жана Евгений Горяинов («Дарак ыры»);

- «Мыкты монтаж»: Элдияр Мадаким жана Ольга Гриншпун («Дарак ыры»);

- «Мыкты эркек ролу»: Аскат Сулайманов («Такебай»);

- «Мыкты айым ролу»: Таалайкан Абазова («Дарак ыры»);

- «Мыкты даректүү тасма»: "Ещё раз про любовь», режиссер Жаныш Дадабаев;

- «Мыкты кыска метраждуу тасма»: «51+», режиссер Данияр Абиров;

-«Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүк тасмасы»: «Көк-Бөрү», продюсер Нурбек Айбашов, режиссер Руслан Акун;

- «Мыкты сүрөтчү»: Максат Болотбеков («Дарак ыры»);

- «Мыкты оператор»: Мурат Алиев («Көк-Бөрү»);

- «Мыкты сценарий»: Айбек Дайырбеков менен Садык Шер-Нияз («Дарак ыры»);

- «Борбор Азиянын мыкты тасмасы»: «Ласковое безразличие мира», режиссер Адильхан Ержанов (Казакстан);

- «Борбор Азиянын мыкты актеру»: Карим Мирхадиев («Стойкость», Өзбекстан);

- «Борбор Азиянын мыкты актрисасы»: Динара Бактыбаева («Ласковое безразличие мира», Казакстан).

Пикир

Оставить комментарий