• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ак илбирс кино сыйлыгы: Арыздарды кабыл алуу башталды

Маданият 0

Бишкек, 01.02.20. /Кабар/. Ак илбирс-2020 улуттук кино сыйлыгына арыздарды кабыл алуу башталды.

Сынакка 2019-жылы тартылган бардык тасмалар катыша алат. Арыздарды кабыл алуу 2020-жылдын 29-февралына чейин жүргүзүлөт. Сыйлыктарды тапшыруу аземи 25-апрель күнү саат 17:00дө «Манас» кинотеатрында өтөт.

Сыйлык 18 номинация боюнча берилет:

1. «Мыкты тасма»;

2. «Мыкты режиссер»;

3. «Мыкты сценарий»;

4. «Мыкты оператор»;

5. «Мыкты сүрөтчү»;

6. «Мыкты композитор»;

7. «Мыкты үн режиссеру»;

8. «Мыкты монтаж»;

9. «Мыкты эркек ролу»;

10. «Мыкты аял ролу»;

11. «Мыкты даректүү тасма»;

12. «Мыкты кыска метраждуу тасма»;

13. «Көрүүчүлөр жактырган тасма»;

14. «Улуттук кинематографияга кошкон салымы үчүн»;

15. «Дүйнөлүк кинематографияга кошкон салымы үчүн»;

16. «Борбор Азиянын мыкты тасмасы»;

17. «Борбор Азиянын мыкты актеру»;

18. «Борбор Азиянын мыкты актрисасы».

Пикир

Оставить комментарий