• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Ак илбирс” кино сыйлыгы: Мыктылар аныкталды (тизме)

Маданият 0

Бишкек, 29.04.18. /Кабар/. Бишкекте былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча мыкты тасмалар аныкталып, “Ак илбирс” 2018 кино сыйлыгын тапшыруу аземи болду.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

Мыкты тасма - «Кентавр» к/т, режиссер Актан Арым Кубат;

Мыкты режиссер - Актан Арым Кубат («Кентавр»);

Мыкты сценарий – А. Арым Кубат, Э. Абдыжапаров («Кентавр»);

Мыкты оператор - Хасан Кыдыралиев (Х/ф «Саякбай»);

Мыкты сүрөтчү - Толгобек Койчуманов («Саякбай»);

Мыкты композитор - Муратбек Бегалиев («Саякбай»);

Мыкты үн режиссер - Бакыт Ниязалиев («Саякбай»);

Мыкты монтаж - Элдияр Мадаким («Апамды издейм»);

Мыкты эркектин ролу - Азамат Уланов («Апамды издейм»);

Мыкты аялдын ролу - Абазова Таалайкан («Кентавр»);

Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү - «Апамды издейм», режиссер Руслан Акун;

Мыкты даректүү тасма - «Оймок», режиссер Касиет Кубанычбек кызы;

Мыкты кыска метраждуу тасма - «Киноман», режиссер Аскар Нуракун уулу;

"Улуттук киноматоргафияга кошкон салымы үчүн” КР эл артисти Жамал Сейдакматова сыйланды;

"Дүйнөлүк киноматоргафияга кошкон салымы үчүн " - казак актеру, Казакстандын эл артисти Нуржума́н Ихтымба́ев сыйланды;

Борбор Азиянын мыкты актеру - Дулыга Акмолда «Оралман» тасмасындагы ролу үчүн (Казахстан);

Борбор Азиянын мыкты актирсасы - Шахзода Матчанова «Масума» тасмасындагы ролу үчүн (Өзбекстан);

БА мыкты тасмасы - «Оралман» реж. Сабит Курманбеков (Казакстан).

Пикир

Оставить комментарий