• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Ак илбирс" кино сыйлыгы: Талапкерлердин кыска тизмеси жарыяланды

Маданият 0

Бишкек, 28.03.19. /Кабар/. Кыргызстандын "Ак илбирс" 2019 кино сыйлыгына талапкерлердин кыска тизмеси аныкталды. Бул тууралуу "Ак илбирс" сыйлыгынын координатору Чолпон Идрисова билдирди.

Ал белгилегендей, кино сыйлыкты алууга жалпы 21 арыз келип түшкөн. Бүгүн уюштуруу комитети катышуучулардын кыска тизмесин жарыялады.

Узун метраждуу тасмалар:

1. "Дарак ыры", режиссеру А. Дайырбеков
2. "Көк-Бөрү", режиссеру Р. Акун
3. "Такебай", режиссеру Б. Осмонканов

Кыска метраждуу тасмалар:

1. "Кош бол", режиссеру К. Жанышов
2. "Чолпон", режиссеру А. Иманалиев
3. "Мурас", режиссеру И. Турсунбек уулу
4. "51+", режиссеру Д. Абиров
5. "Куштун үнү", режиссеру А. Дукуев

Даректүү тасмалар:

1. "Еще раз про любовь", режиссеру Ж. Дадабаев
2. "Мугалим", режиссеру И. Аджибаев
3. "Узак", режиссеру Б. Жолдубай кызы
4. "Аялдык түйшүк эмес", режиссеру Т. Усенов
5. "Бугулар кайтып келгенде", режиссеру Д. Абиров

Эми 74 адистен (режиссер, оператор, сүрөтсү ж.б.) турган калыстар бул тасмаларды көрүп чыгып, өз бааларын берет. Жыйынтыгында ар бир номинация боюнча үч талапкерден тандалып алынат.

Белгилей кетсек, сыйлыкка 2018-жылы өлкөбүздө чыккан баардык жанрдагы тасмалар ат салыша алат жана мыкты тасма, сценарий, режиссер, оператор, сүрөтчү, үн режиссеру (жалпы 18 номинация) номинациялары боюнча сыйлык берилет.

"Ак илбирс" сыйлыгынын жеңүүчүлөрү 27-апрелде аныкталат.

Пикир

Оставить комментарий