• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Ак илбирс" кино сыйлыгын тапшыруу аземи жылдырылды

Маданият 0

Бишкек, 03.04.20. /Кабар/. Коронавирус илдетинин жайылышына байланыштуу "Ак илбирс" кино сыйлыгын тапшыруу аземи жылдырылат. Бул тууралуу "Ак илбирс" кино сыйлыгынын координатору Салтанат Турдукеева билдирди.

Сыйлоо аземи учурдагы кырдаал жөнгө салынгандан кийин өткөрүлөт.

"Сыйлоо аземин өткөрүү мөөнөтү кийинчерээк айтылат. Даярдык иштери планга ылайык жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, сыйлыкты тапшыруу аземи "Манас" кинотеатрында 25-апрель күнү болуп өтмөк.

Бишкек, 03.04.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын тургандарын алдыдагы 7 күн бою үйдө калып, сыртка чыкпоону суранабыз. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын

"Урматтуу шаар тургундары, жакынкы бир-эки күндө коронавирусун жуктуруп алган алгачкы бейтаптар менен байланышта болгондордун 14-21-күндүк инкубациялык мезгили аяктайт. Ошондуктан алдыдагы 7 күн бою үйдө калып, сыртка чыкпоону суранабыз", - деди Орозалиев.

Бишкек шаарынын комендатурасынан билдиришкендей, жакынкы эки күндө оорулуулар менен байланышта болгон адамдардын инкубациялык мезгили аяктагандыктан, Бишкек шаарында кошумча тилкелерде кыймыл чектөөгө алынат. Карантиндик аймак кеӊейип, кыймылды чектөө жана адамдардын, унаалардын топтолушун болтурбоо үчүн базарлардын жана супермаркеттердин жанында санитардык-карантиндик посттор коюлат.

Пикир

Оставить комментарий