• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

"Ак илбирс" кино сыйлыгына талапкерлердин кыска тизмеси түзүлдү

Маданият 0

Бишкек, 13.03.20. /Кабар/. "Ак илбирс" кино сыйлыгына талапкерлердин кыска тизмеси түзүлдү. Бул тууралуу "Ак илбирс" кино сыйлыгынын координатору Салтанат Турдукеева билдирди.

Учурда 61 кишиден турган калыстар тобу түзүлүп, жакын арада алар кыска тизмеге кирген тасмаларды көрүп чыгып, өз баасын беришет. Тасмалар 12 номинация боюнча каралат.

Белгилей кетсек, сыйлыкты тапшыруу аземи "Манас" кинотеатрында 25-апрель күнү болуп өтөт.

Толук метраждуу тасма:

1. "Жөө Күлүк" - реж. Мирлан Абдыкалыков;

2. "Апамды издеп 2" ("В поисках мамы 2") - реж. Руслан Акун;

3. "Напарниктер 2" - реж. Бакыт Осмонканов;

4. "Бажарики 3" - реж. Амантур Ормуков;

5. "Аврора" - реж. Бекзат Пирматов.

Кыска метраждуу тасма:

1. "Каада-салт" ("Традиция") - реж. Жанузак Мамытов;

2. "Карусель" - реж. Адилет Каржоев;

3. "Селкинчек" - реж. Самара Сагынбаева;

4. "Чырактар" - реж. Данияр Абиров;

5."Менин досум – менин душманым" ("Друг мой-враг мой") - реж. Сүйүм Сулайманова;

6. "Чек арада" ("На границе") - реж. Тынчтык Абылкасымов.

Даректүү тасма:

1. "Узак" ("Далеко") - реж. Айназ Турдуматова;

2. "Туулган жер" ("Родной край") - реж. А. Асанбеков, Г. Айтмаматова;

3. "Аяна" - реж. Айдана Топчубаева;

4. "Күн карама" ("Подсолнух") - реж. Сулумбеков Чыңгыз;

5. "Абзел" - реж. Айжамал Акчалова;

6. "Абдрахманов" - реж. Эрнест Абдыжапаров.

Эскете кетсек, сынакка жалпы 40 тасма келип түшкөн. Келип түшкөн 40 тасманын 9у толук метраждуу, 18и кыска метраждуу жана 13ү даректүү тасма болгон.

Пикир

Оставить комментарий