• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ак илбирске аңчылык кылгандар үчүн айып пул жогорулады

Коом 0

Бишкек, 23.08.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Ак илбирске аңчылык кылгандар үчүн айып пул 500 миңден 1,5 млн сомго чейин жогорулады. Бул тууралуу айлана-чөйрөнү коргоо жана кен байлыктарды иштетүү департаментинин башчысы Алмаз Мусаев журналисттер менен болгон жыйында билдирди.

Анын айтымы боюнча, мындай токтом 2017-жылдын 18-августунда чыккан.

“Токтом бир гана илбирсти өлтүрүп же аңчылык кылгандарга эмес, аны кармап жана башка жакка сатууга аракет кылгандарга да тиешелүү болот”, - деди Мусаев.

Ошондой эле анын айтымында, Кыргызстанда акыркы 3 жылда аңчылык үчүн 11 адам кармалып, 1-5-жылга чейин соттолушту.

Пикир

Оставить комментарий