• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ак илбирсти атуу - өз элине ок чыгарууга тете - Атамбаев

Президент 0

Бишкек, 25.08.17 /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча эл аралык форумда сүйлөгөн сөзүндө кыргызстандыктарды бул ыйык жаныбарга ок чыгарбоого чакырды.

“Ак илбирсти аткан кыргыз – өз элин кырган маңкурт! Ак илбирстин терисин саткан кыргыз – өз жерин саткан арсыз!”, - деди президент.

Ал Кыргыз Каганатынын биринчи башчысынын, биринчи кыргыз каганынын аты Барсбек болгонун жана кыргыз эли байыртан ак илбирске өзгөчө мамиле кылып келгенин белгиледи.

“Биздин парламентке жана өкмөткө кайрылгым келет! Бүгүнкү күнү Кыргызстанда өлкөнү 2040-жылга чейин туруктуу өнүктүрүү Стратегиясы иштелүүдө. Эмнеге бул жыл тандалган? Себеби 2040-жылы биз Улуу кыргыз Каганатынын түзүлгөнүнүн 1200 жылдыгын белгилейбиз .Кыргыз Каганатынын биринчи башчысы Барсбек болгону маанилүү. Ошондуктан Стратегияда ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо программасы татыктуу ордун табат”, - деп түшүндүрдү Атамбаев.

Пикир

Оставить комментарий