• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

"Ак илбирсти сактайлы" эл аралык кайрымдуулук марафону дем алыш күнү өтөт

Спорт 0

Бишкек, 13.09.19. /Кабар/. 15-сентябрда "Ак илбирсти сактайлы" эл аралык кайрымдуулук марафону өтөт. Иш-чаранын байге фонду 4 миллион 500 миң сомду түзөт.

Аталган кайрымдуулук марафонго 2 миңден ашык адам катталды.

Nomad Sport коомдук бирикмесинин билдирүүсүнө ылайык, катталуучу төлөмдөрдүн 50%ы ак илбирсти сактоо глобалдык программасына берилет. Бул акча каражатына "Ала-Арча" жаратылыш паркына орнотуу үчүн фототузак сатып алуу пландалууда.

"Марафондун жалпы байге фонду 4,5 миллион сомду түзөт. Ал Борбор Азиядагы өткөн ири марафон болот. Марафондо PRO категориясындагы эркек жана аял киши арасында 21 км аралыкка чуркагандардын байгеси 630 миң сом. Ал эми, экинчи орунга 360 миң, үчүнчү орунга 180 миң, төртүнчү орунга 90 миң, бешинчи орунга 54 миң, алтынчы орунга 36 миң сом берилет", - деп айтылат маалыматта.

Мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасындагы жеңүүчүгө 45 миң, экинчи орунга 22,5 миң жана үчүнчү орунга 13,5 миң сом ыйгарылат.

Иш-чаранын өтүп жатканына байланыштуу Панфилов, Киев, Абдрахманов, Байтик Баатыр, Чуй, Манас проспектилери, Эркиндик бульварында жолдор жабылат.

Марафондун жүгүртмөсү:

07:00 – Марафондун ачылуу салтанаты;

08:00 – 21,1 км аралыкка чуркоо башталат;

08:05 – 14 км аралыкка чуркоо башталат;

10:00 – 5 км аралыкка чуркоо башталат;

10:30 – 21,1 км аралыкка чуркагандарды сыйлоо иш-чарасы;

11:20 – 1 км аралыкка чуркоо башталат;

12:00 – Балдар жарышы башталат;

12:30 – Жарыштын катышуучуларын сыйлоо;

14:00 – Жабылыш аземи.

Пикир

Оставить комментарий