• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ак калпак ЮНЕСКОнун маданий мурасынын өкүлдүк тизмесине киргизилди

Коом 0

Бишкек, 13.12.19. /Кабар/. "Ак калпак жасоо өнөрү жана кийүү салты" ЮНЕСКОнун Адамзаттын бейзаттык маданий мурасынын өкүлдүк тизмесине киргизилди. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Бул тууралуу чечим, кечээ, 12-декабрда Колумбиянын Богота шаарында өткөн Адамзаттын бейзаттык маданий мурастарын коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитетинин 14-отурумунда бир добуштан кабыл алынган.

Аталган сунушту даярдоо боюнча иштер акыркы 3 жылдын ичинде "Кийиз Дүйнө" коомдук фонду менен биргеликте ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргызстандын Улуттук комиссиясы тарабынан жүргүзүлүп келген. Сунуш ЮНЕСКОнун катчылыгына 2018-жылы жиберилип, көз карандысыз эл аралык серепчилер сунушту 2 жылдын ичинде талдап, чечимдерин чыгарышкан", - деп айтылат маалыматта.

Адамзаттын бейзаттык маданий мурас өкүлдүк тизмесине сунушту киргизүү боюнча акыркы чечим ЮНЕСКОнун бейзаттык маданий мурастарын коргоо боюнча комитети тарабынан кабыл алынды.

Маалымдама: Адамзаттын бейзаттык маданий мурастарын коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитети өз курамында Конвенцияга мүчө болгон өлкөлөрдүн 24 өкүлүнөн түзүлүп, алар 4 жылдык мөөнөткө шайланып, өз отурумун бир жылда бир жолу өткөрүшөт.

Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОнун бейзаттык маданий мурастарынын тизмелерине "Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилтиги; акындардын өнөрү; кийиз басуу өнөрү: ала кийиз, шырдак жасоо өнөр; боз үй жасоо өнөрү (Кыргызстан, Казакстан); төкмө акындар өнөрү (Кыргызстан, Казакстан); жука нан бышыруу маданияты: лаваш, катырма, жупка, юфка (улуттар аралык сунуштама); Нооруз майрамы (улуттар аралык сунуштама) жана көк бөрү киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий