• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ак калпак күнүнө карата Ош шаарынын мэринин кубогу ойнотулду

Аймак 0

Бишкек, 05.03.18. /Кабар/. Бүгүн, 5-мартта С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында шайыр тапкычтар клубтарынын арасында Ак калпак күнүнө карата Ош шаарынын мэринин кубогу ойнотулду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, расмий бөлүгүнө Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, депутаттар, мекеме-ишканалардын жетекчилери, шаардыктар жана жаштар катышты.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев ШТКлар арасында мэрдин кубогу алгачкы жолу уюштурулуп жаткандыгын айтып, күчтүүлөр жеңсин деген тилегин билдирди.

“Бүгүн биз кыргыз элин улут катары таанытып, ыйык баш кийимибиз болгон Ала-Тоодой бийик наркы, тарыхы бар ак калпагыбызды даңазалоого арналган аземге чогулуп олтурабыз. Ак калпак кыргыз элинин улуу мурасы, дөөлөтү жана кемибес дүйнөсү десек жаңылышбайбыз.Ак калпак ата-бабаларыбыздан азыркы жана келечек муунга көөнөрбөс байлык, мурас катары калды. Ошол улуу мурасыбызды сактап, келечек муунга калтыруу биздин милдетибиз. Биз демилгелүү жаштар менен бигеликте бул милдетти атакарабыз деп терең ишенем. Бул манилүү майрамды утурлай шаарыбыздын жаштарынын демилгеси менен шайыр тапкычтар сынагы өтүп жатышы да кубандырат. Командаларга ийгилик каалайбыз, патриот, мыкты жаштардын катары толуктала берсин”, - деди А.Кадырбаев.

ШТК Ош шаарынын мэриясынын жаштар иштери боюнча комитети тарабынан уюштурулуп, жалпысынан 5 команда катышты. Алардын үчөөсү Ош шаарынын болсо, Өгөн жана Жалал-Абад шаарларынан 1ден команда катышты.

Жеңүүчүлөр;

- 1- орун Ош шаарынын мэринин кубогу жана 20 миң сом акчалай сыйлык;

- 2-орун 15 миң сом акчалай сыйлык

- 3- орун 10 миң сом акчалай сыйлык

Ошондой эле, “мыкты оюнчу”, “мыкты тамаша”, “мыкты команда” намонациясы боюнча да белектер тапшырылат.

Пикир

Оставить комментарий