• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ак калпактын жасалыш сапатына да көңүл буруу кажет - Э.Байпакбаев

Жогорку Кеңеш 0

Коомдук талкууга чыгарылган “Улуттук баш кийим ак калпакка маданий символдун статусун берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору боюнча демилгечи депутаттардын бири Экмат Байбакпаев менен маек.

- Сиз демилгелеген мыйзам долбоордун максаты тууралуу учкай маалымат берсеңиз?

- Мыйзам долбоорунда кыргыз элинин маданий мурастарынын маанилүү элементи саналган ак калпакты коргоонун укуктук базасын түзүү максаты коюлган. Ошондой эле ак калпакты кийип жүрүү маданиятын калыптандыруу менен анын кадыр-баркын жогорулатуу учур талабы десек болот. Маселен, жакында эле жалпы коомчулукту дүрбөлөңгө салган ак калпакты итке кийгизген окуядан кийин атайын мыйзам долбоорун иштеп чыгууга бел байладым. Анткени, атадан-балага мурас калып, кыргыз элинин башкы өзгөчөлүктөрүнүн бири болгон ак калпакты шылдыңдагандарга карата мыйзамдык жактан көзөмөл жок экендиги, кыйкырып ызы-чуу болгонубуз менен жосунсуз жорук жасагандарды жоопкерчиликке тарта албастыгыбыз анык билинди. Ага ылайык, депутат Бакирдин Субанбеков менен бирге аталган мыйзам долбоорун иштеп чыгып, коомчулуктун талкуусуна койдук.

- Бардык расмий иш сапарларда Президент, парламент Төрагасы баштаган жогорку кызматтагы аткаминерлерди ак калпак кийип жүрүүгө милдеттендирген жобо да мыйзамда жазылган экен. Бул канчалык деңгээлде ишке ашат?

- Албетте, бул сунуш. Бирок, белгилей кетчү жагдай кыргыздын кыргыз экендигин далилдеген анын улуттук ак калпагы экенин да унутпашыбыз керек. Биздин атактуу жазуучубуз жана коомдук ишмерибиз Чыңгыз Айтматов “Асмандан жарык көрсөң – жылдыз деп бил, ак калпак кийген көрсөң – кыргыз деп бил” – деп таасын аныктама берген. Ошондуктан, Малазиянын, Индонезиянын, Араб мамлекеттеринин жарандары сыяктуу биз да улуттук кийимибиз менен расмий иш сапарларга чыгып, эл аралык иш-чараларга катышсак жакшы эле болмок. Өлкөбүз таанылмак, дүйнө элдеринин кызыгуусу артмак. Андыктан, бардык тараптын пикирин эске алуу менен түзөтүү жана толуктоолордун негизинде керектүү мыйзам иштеп чыгышыбыз зарыл.

- Мыйзамдын аткарылышы үчүн аны бузгандардын жоопкерчилиги да каралышы керек. Бул жаатта пикириңиз кандай?

- Өкмөт тарабынан башка улуттук эн белгилерибиз сыяктуу эле ак калпакты да коргоо жоболору иштелип чыгып, административдик жоопкерчиликке тартуу жолдору каралышы шарт. Ошондо биз мыйзамдын толук кандуу иштөөсүнө мүмкүнчүлүк түзүп, улуттук баш кийимибиздин аброюн арттыра алабыз. Мындан сырткары, ак калпактын жасалыш сапатына да көңүл буруу менен анын наркын да көзөмөлгө алуубуз кажет.

Сунушталган мыйзам долбоору менен шилтеме аркылуу тааныша аласыздар:

Маалымат булагы: kenesh.kg

Пикир

Оставить комментарий