• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

«Ак-Кула» ат майданы модернизацияланат

Өкмөт 0

Бишкек, 9-май /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-майда, Бишкек шаарындагы «Ак-Кула» ат майданын модернизациялоо боюнча жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Башкы прокуратуранын жана Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү жүргүзүлгөн тийиштүү жумуштардын алкагында, «Ак-Кула» ат майданы бүгүнкү күндө борбордук муниципалитетке тиешелүү болгон ипподромдун мүлктүк хронологиясы аныкталгандыгын билдирди. 54 гектар аянты бар ипподром Бишкек шаарынын мэриясынын балансына өткөрүлдү. Адистердин айтымында ипподромду реконструкциялоо иштерине 300 млн. сом каражат керектелет.

«Жыл сайын жергиликтүү жана чет элдик коноктордун ат-спорт оюндарына кызыгуусу артып жатканын эске алуу менен, «Ак-Кула» ат майданын модернизациялоо маанилүү иш пландардын бири болуп саналат. Бул өлкөгө туристтерди өзүнө тартууда кошумча импульс болот. Акыркы болуп өткөн майрамдык иш чаралар ипподромдо инфраструктуралык маселелер бар экенин көрсөттү. Мындан улам аны оңдоо муктаждыгы келип чыкты», – деди Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Ал «Ак-Кула» ат майданы 2017-жылы курулуш иштери бүтө турган социалдык маанидеги объекттердин катарында экенин эскертти.

Өкмөт башчы Спорт дене-тарбия жана жаштар иштери боюнча мамлекеттик агенттикке жана Бишкек шаарынын мэриясына «Ак-Кула» ат майданынын тез арада реконструкциялоо долбоорун киргизүүнү тапшырды.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 29-мартында Сооронбай Жээнбеков «Ак-Кула» ат майданына барып, тиешелүү мамлекеттик органдарга ипподромдун айланасындагы бардык мүлктүк хронолоияларды жана соттук териштирүүлөрдү иликтеп чыгууну тапшырган.

Пикир

Оставить комментарий