• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ак-Кула ат майданындагы жер тилкесинде жашагандар көчөдө калуу коркунучунан улам митингге чыгышты

Коом 0

Бишкек, 05.12.18. /Кабар/. Ак-Кула ипподромунун жер тилкесиндеги жаашагандар көчөдө калуу коркунучунан митингге чыгышты.

Ошол акциянын катышуучулары кабарлагандай, алар учурда Термечиков көчөсүндө жашашат. Мурун аталган жерде ат майдан орун алган.

“2005-жылы бизге жерлерди берип жатканда баары мыйзам чегинде болгон. Бизге өкмөт баардык документтерди берген, Мамкаттоо кызматы жеке укукту каттаган жана жердин кызыл китеби да ошол замат берилген. Бирок, эмнегедир Ленин районунун прокуратурасы жерлерди кайра кайтаруу чечимин чыгарып, баардык келишимдерди жараксыз деп сот аркылуу таап чыккан. Бул жерде кантип прокуратура сотто доогер болуп чыкканы түшүнүксүз. Азыр эгер Жогорку сот эки инстанциядагы соттордун чечимин колдосо, 60тан ашуун үй-бүлө көчөдө калат”, - дейт Азамат Осмонов.

“Кабар” маалымат агенттиги абалдын чоо-жайын билүү максатында прокуратуранын басма сөз кызматынан кайрылды. Ал жактан бул жаңжал көп жылдар бою уланып келе жаткандыгын билдиришти. Алгач ипподром ат оюндарын өткөрүү үчүн болгон жана анын аймагы маданий-тарыхый аймак болуп эсептелет. Ага ылайык, ал жердеги курулуштардын бардыгы мыйзамсыз болуп эсептелет.

“Ал жерлерди сатуу жана документтерди берүү мыйзам бузуу менен болгон. Ошол себептен бул жерлер Бишкек шаарынын мэриясынын карамагына киргендиктен, прокуратура тарабынан Бишкек мэриясына баардык мыйзам бузууларды чечүү боюнча көрсөтмө жиберилген. Башынан эле бул жерди маданий-тарыхый баалуулук катары сактап калуу керек болчу”, - дешти басма сөз кызматынан.

Алар кошумчалагандай, бул жерлер өз максатында колдонулган эмес. Прокуратура өз кезегинде ошол жердин жашоочулары тарабынан кабыл алынган келишимдерди мыйзамсыз деп табуу доосун чыгарган.

“Кандай болгон күндө деле бул жердин жашоочуларын көчүрүүнү борбордук мэрия жүргүзөт”, - деп билдиришти прокуратурадан.

Пикир

Оставить комментарий