• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Ак-Ордо-3” конушунун Э.Иманалиев көчөсүндө кум-шагыл жана асфальт төшөлүүдө

Коом 0

Бишкек, 30.04.22. /Кабар/. “Ак-Ордо-3” жаңы конушунун Э.Иманалиев көчөсүндө кум-шагыл жана асфальт төшөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Сокулук районунуна караштуу “Ак-Ордо-3” жаңы конушунун Э.Иманалиев көчөсүн оңдоого 2022-жылдын “Капиталдык салымдар” беренеси аркылуу каржылануучу курулуш объектилеринин эсебинен 2,5 чакырым аралыгына асфальт төшөө иштери каралган. Учурда “Кыргызжолкурулуш” компаниясы тарабынан оңдоо иштери аткарылууда.

Бүгүнкү күндө Э.Иманалиев көчөсүнө астынкы катмарына туурасы 7 метр, узуну 0,5 чакырым болгон асфальт төшөө иштеринин биринчи катмары бутту. Азыркы убакта жолду түздөө жана кум-шагыл төшөө иштери жүруп жатат.

2021-жылдын 21-ноябрында президент Садыр Жапаров “Ак-Ордо” конушунун Э.Иманалиев атындагы көчөсүн асфальтоо боюнча тапшырма берген.

Пикир

Оставить комментарий