• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Ак-Ордо” конушуна бала бакча курууга тендер жарыяланды

Коом 0

Бишкек, 01.04.21. /Кабар/. Бишкек мэриясы “Ак-Ордо” жаңы конушундагы Садыр-Аке жана Каркыра көчөлөрүнүн кесилишине жаңы бала бакча курууга сынак жарыялады.

Муниципалитеттин маалыматы боюнча, жаңы мектепке чейинки билим берүү мекемеси 280 орунга ылайыкташкан. Долбоордук-сметалык документтер толук бүткөн.

“Бул эки кабаттуу имарат болот, биринчи кабатында оюн, тамактануу, бөлүштүрүү ашканасы, уктоочу, санузел, техникалык, кабыл алуу жана медициналык бөлмөлөр болот. Экинчи кабатында педагогдор бөлмөсү, музыкалык+гимнастикалык зал, ойноо, ашкана, кабыл алуу, санузел, буюм-тайым сактоо бөлмөлөрү жана техникалык жай орун алат”, - деп айтылат маалыматта.

Такталгандай, тендер Бишкек мэриясынын коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын линиясы боюнча өтөт. Жаңы мектепке чейинки уюмдун сметалык баасы 123 млн 119 миң 893 сомду түзөт. Шаардык бюджеттин эсебинен каржыланат.

Сынактын толук маалыматы жана техникалык тапшырмалар мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырылат: http://zakupki.gov.kg/.

Пикир

Оставить комментарий