• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ак-Ордо конушундагы жер тилкелерин мыйзамсыз берүүгө шектелип кызмат адамдары кармалды

Коом 0

Бишкек, 28.03.23. /Кабар/. Башкы прокуратура тарабынан Ак-Ордо-3 конушундагы жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактылары боюнча текшерүү жүргүзүлдү.

Башкы прокуратурадан кабарлашкандай, анын алкагында Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен кылмыш иши козголду.

Текшерүүдө Сокулук районундагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын кызмат адамдары жана башка алдамчылык жолу менен жер сатуу менен алектенген адамдар Ак-Ордо конушундагы жер тилкелерди документтерди жасалмалоо менен сатышкандыгы аныкталган.

Кылмышка шектүү катары райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын мурдагы орун басары А.Б.Т., башкармалыктын адиси С.Т.М., райондук мамлекеттик каттоо кызматынын жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси М.Р.А., аталган кызматтын мурунку картографы Д.А.О. жана М.Р.Ж. аттуу жаран кармалышты.

Учурда тергөө башкармалыгы тарабынан аталган кылмыш ишке тийиштүү башка тараптарды аныктоо чаралары көрүлүүдө.

Эскерте кетсек, Ак-Ордо-3 конушунда үй түрттүрүлүп, А.Ш. аттуу аял балдары менен көчөдө калган видео интернет желесинде тараган. Ал күндүн эртеси жерине бир топ жарандар чогулуп, үйсүз калган келинге боз үй тигип беришкен. Ошондой эле президент Садыр Жапаров 5-мартта Ак-Ордо конушуна пландан тышкары барып, балдары менен барар жери жок калган аял менен жолуккан.

Ошондой эле Президент күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу тапшырмасын берген.

Пикир

Оставить комментарий