• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ак-Ордо конушундагы мончодо элди тапанча менен коркуткан киши кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.11.21. /Кабар/. Ак-Ордо конушундагы мончодо элди тапанча менен коркуткан киши кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29-ноябрда саат 21:10дор чамасында “102” кызматына Ак-Ордо конушундагы Гагарин көчөсүндө жайгашкан мончолордун биринде белгисиз жаран тапанча менен жарандарды коркутуп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери жөнөтүлгөн. Жеринде 25 жаштагы И.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда болжол менен жашы 25-30 жаштагы белгисиз адам арыз ээсин тапанча менен атып салам деп коркутуп, оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, аброюна шек келтирген.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, шектүү катары 27 жаштагы Ж.А. аттуу жаранды кармаган. Шектүү Сокулук райондук милициясынын тергөө кызматына жеткирилген.

Аталган факт Сокулук райондук Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 266-берененин (“Ээнбаштык”) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Пикир

Оставить комментарий