• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

"Ак-Ордо" конушундагы бала бакчанын курулуш иштери текшерилди

Коом 0

Бишкек, 27.01.22. /Кабар/. Азыркы тапта "Ак-Ордо" конушундагы Садыр-Аке жана Каркыра көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы бала бакчанын имараты курулууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ленин районунун акими Русланбек Тагаев жаңы бала бакчанын имаратынын курулуш долбоорун карап, иштин сапатын текшерди.

Белгилей кетсек, азыркы учурда биринчи жана экинчи кабаттардын арасындагы тосууларды толтуруу үчүн опалубка орнотулуп, ошондой эле чектеш аймакка пландоо иши жүрүүдө.

Курулуш иштери шаардык бюджеттин эсебинен каржыланып, Бишкек шаарынын мэриясынын коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын тапшырыгы менен «АкНиетКурулуш» ЖЧКсынын подряддык уюму тарабынан жүргүзүлүүдө.

"Имарат эки кабаттуу болот, биринчи кабатта оюн бөлмөлөрү, буфеттик бөлмө, ашканасы, уктоочу, санитардык бөлмөсү жайгашкан. техникалык түйүндөр бөлмө, кабыл алуучу бөлмө, медициналык бөлмө жайгашат. Экинчи кабатта – педагог-тарбиячылардын бөлмөсү, Музыкалык-гимнастикалык зал, оюн бөлмөлөрү, буфеттик, кабыл алуу бөлмөсү, санитардык кампа жана техникалык жай бөлмөсү болот. Долбоордук кубаттуулугу 280 орунга эсептелген", - деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, мектепке чейинки жаңы билим берүү уюмунун курулушу өткөн жылы башталган, колдонууга киргизүү 2023-жылга пландаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий