• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ак-Ордо конушунун кире беришинде кирүү белгиси орнотулат. Эскиз даярдалды

Коом 0

Бишкек, 03.11.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушунун кире беришинде кирүү белгиси орнотулат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Долбоордун эскизи даярдалды, аны "Бишкекжарык" муниципалдык ишканасынын тапшырыгы менен "Бишкекбашкыархитектура" ишканасынын кызматкерлери иштеп чыкты.

Долбоорго ылайык, бийиктиги дээрлик 7,5 метр болгон кире бериш белгиси көлөмдүү тамгалар түрүндө түнкү жарык менен жасалып, Гагарин жана Жакшылык көчөлөрүнүн кесилишине орнотулат.

Жасалгалоо материалдар катары бышык материалдарды колдонуу сунуш кылынат.

Пикир

Оставить комментарий